Журналист Канат Каниметов мурдагы иштеген мекемеси – “Апрель” телеканалынын иши боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.
“Ал жактан кеткенине көп болгон мурдагы кызматкермин. Азыр мурда иштеген мекеме менен эч кандай байланышым жок”, - деп жазды Каниметов.
Анын белгилешинче, “Апрель” менен кызматташтыгы 2 жыл 8 ай мурда токтогон.
Канат Каниметов 2022-жылдан бери “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоорунда иштейт.
Быйыл апрель айында прокуратура "Апрель" телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон.
29-июнда “Апрель” Телеграм-каналы аркылуу билдирүү жасап, июль айынан тартып, эмгек өргүүсүнө кетип жатканын, бирок андан кийин телеканалдын иши токтошу ыктымалдыгын билдиришти.
2019-жылы Ички иштер министрлиги сот чечими менен "Медиа Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка койгон.
Каналдын юристтери "Апрелдин" мүлкүн камакка коюуну мыйзамсыз деп таануу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган эмес. "Апрель" каналы бир нече ай интернет-телеканал катары сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу иштеп, кийинчерээк "Санарип технологиялар" коомунун чечими менен эфирин жанданткан.
Шерине