Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Путин менен Макрон үч жылдан бери алгачкы жолу телефондон сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын лидери Эммануэл Макрон менен сүйлөшүүдө, 26-июнь, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын лидери Эммануэл Макрон менен сүйлөшүүдө, 26-июнь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон 2022-жылдын сентябрынан бери биринчи жолу 1-июлда телефондон сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки лидер Иран менен Израил ортосундагы жаңжалды, АКШнын Ирандын ядролук жайларына сокку урганын жана Украинадагы урушту талкуулашканын билдирди.

Путин Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерин айыптап, алар "көп жыл бою Орусиянын коопсуздук кызыкчылыктарын четке кагып келгенин" айтты. Ал Батыш Украинада "Орусияга каршы плацдарм" түзгөн, "Украинада орус тилдүү жарандардын укугунун бузулушуна жол берген" деп айыптады. Путин ошондой эле Батыш Киевге курал-жарак жеткирип, жаңжалды созуп жаткананын айтып күнөөлөдү.

Француз лидеринин басма сөз кызматы президент Макрон Украинада ок атышууну токтотууга жана согушту аяктоо үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөгөнүн билдирди.

Макрон ошондой эле "Франция Украинанын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдоорун" билдирген.

Эки лидер Ирандагы кырдаалды да талкуулап, Путин менен Макрон Тегеран Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишимде көрсөтүлгөн шартта тынчтык максатта өзөктүк программасын жүзөгө ашырууга укуктуу экенин белгилешкенин Кремль билдирди.

Елисей сарайы президенттер телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшкөнүн маалымдады.

Лидерлер кайрадан байланышып, пикир алышууну улантууну макулдашканы кабарланды.

Шерине

XS
SM
MD
LG