Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Бункерге жашынган Хаменеи, Ирандын келечеги


Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана армиянын жетекчилери менен. Тегеран, 10-октябрь, 2023-жыл
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жана армиянын жетекчилери менен. Тегеран, 10-октябрь, 2023-жыл

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин Израил менен согуш маалында эл алдына чыкпай, белгисиз жерде жашырынганы анын абалы жана Ислам жумуриятынын келечеги үчүн чечүүчү учур болуп калышы ыктымал.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху күн сайын кайрылуу жасап, коомчулуктун назарынан түшпөй, чечкиндүүлүгүн көргөзүп жаткан кезде Хаменеи куралдуу жаңжал маалында эки гана теле кайрылуу менен чыккан.

Акыркысы болжол менен бункерде жаздырылган. Эксперттер менен Ирандын коомчулугу арасында жогорку лидердин согуш учурундагы жүрүм-туруму талаш жаратты.

Аман калуу үчүн жашырынуу

86 жаштагы Хаменеинин калың элден оолак болушу башкаруу ыкмасына байланыштуу гана маселе эмес. Ал Израил жок кылууну көздөгөн ирандык жетекчилердин тизмесинин сап башында болчу.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац уруш маалында Хаменеинин көзүн тазалоону максат кылышканын бышыктап, бирок ал “жертөлөгө жашырынгандыктан”, операцияны “ишке ашыруу мүмкүн болбогонун” айткан.

Коркунуч жогору болгондуктан, маалыматтарга караганда, Хаменеи электрондук байланышты токтотуп, ишенимдүү жардамчылары аркылуу байланышып турган.

New York Times жазгандай, жогорку лидер атургай өлүмгө учураса, ордун басчу мураскерин аныктоого үлгүргөн.

Коркунуч деңгээли жана Хаменинин реакциясы анын лидерлигине байланыштуу суроолорду пайда кылды.

“Аятолла Хаменеи режимди ушундай апаатка жеткиргени жана аны кооптуу учурда сактап калуу үчүн жооптуу”, - деп белгиледи “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Эл аралык кризис тобунун Иран боюнча программасынын директору Али Ваез.

Израилдин биринчи соккусунан Ирандын аскердик командачылыгынын жогорку эшелону жок кылынып, муну менен катар “коопсуздук чөйрөсүнүн жетекчилик түзүмүндөгү жана аппаратындагы олуттуу кемичликтерди” көргөзүп койду", - деп улантат Ваез.

Анын пикиринде, буга кошумча өлкөнүн ракета арсеналына, өзөктүк программасына жана чөлкөмдөгү прокси топторуна келтирилген зыян Ислам жумуриятынын стратегиялык доктринасын башаламандыкка кептеди.

“Хаменеинин мурасы Иран үчүн кыйратуучу болуп калды”, - деп кошумчалайт Ваез.

Ошол эле маалда башка эксперттер Хаменеинин кризисти жөндөөдөгү башка өңүттөрүн да аташат.

Тель-Авивде жайгашкан Улуттук коопсуздук боюнча изилдөө инсититутунун программа директору Раз Зиммт белгилегендей, адегенде нес болуп, жогорку аскердик башчылардан айрылган Хаменеи 24 саатта аяк-башын тез эле жыйып, башка кишилерди дайындады.

Жоготуулардын масштабын эске алганда, ал иш “оңойго турган жок” жана уюштуруу жагынан эрдикке теңесе болот”, - деп эсептейт изилдөөчү.

Зиммт башаламандык маалында көзөмөлдү сактап калуу Хаменеини убактылуу болсо да ички көйгөйлөрдөн сактап калды деген оюн кошумчалайт:

"Жакынкы келечекте анын бийлигине күмөн саноо менен мамиле кылуу кыйын болмокчу, себеби анын айланасындагы командирлер негизинен анча тажрыйбалуу эмес”, - деп түшүндүрөт эксперт.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун баш көтөрүшү

Сөз болгон окуя Ислам революциясынын сакчылар корпусунун же Революциялык гвардиянын ролун ого бетер жогорулатты.

Али Ваез белгилегендей, "ар бир сырткы сокку Ислам жумуриятында тарыхты алып карасак, Революциялык гвардиянын системадагы ролунун кеңейишине алып келип жатты. Корпус кризистен саясий истеблишменттин таянычы катары чыкты, командачылыктагы боштукту ыкчам толтуруу менен өзүн Ислам жумуриятынын жашап кетиши үчүн эң маанилүү институт катары көргөздү”.

Бул ойго Раз Зиммт да кошулат: "Коопсуздукту камсыздаган жана режимдин өмүр сүрүшүн колдогон Ирандын элитасынын негизги элементи катары Революциялык гвардияны алмаштырчу эч кимди көрбөй турам”.

Муну менен катар согуштун стратегиялык кесепеттери, сыягы, жакын арада “Ирандын Израил жана АКШга туруштук берүү күчтөрүн сактап калуу дараметине байланыштуу” орчундуу көйгөйлөрдү козгошу ыктымал.

Зиммт “Хамененин отставкасы үчүн азырынча жүйө жок, Революция сакчылары аны колдой бермекчи, андан кийин анын мураскеринин башкаруусуна камданышат”, - деп кошумчалады.

Тең салмактуулуктун бузулушу

Эки эксперт тең кыска мөөнөттү алганда, Иранда төңкөрүш ыктымалдыгы төмөн, өзгөчө Хаменеинин мураскери тууралуу маселени козгогон сайын Революциялык гвардиянын таасири жогорулай берет деген ойго кошулат.

Али Ваез гвардия “диниятчылардын режимин актив эмес, пассив катары кароого жакындаганын эскертсе, Раз Зиммт Хаменеи же анын мураскери учурунда болобу, Ирандын стратегиялык багыты алмашпайт деп күтсө болорун белгилейт.

Ошентип, атяолла Хаменинин башкаруусуна түздөн-түз коркунуч жаралбаганы менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун борбордук ролу жогорулады. Израил менен уруштан улам аскердик саясат жана бийлик үчүн күрөш маселелери курчуду. Ошол жагдай Ислам жумуриятынын келечегин аныктамакчы.

Макаланын автору Kian Sharifi

Шерине

XS
SM
MD
LG