Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Орусияга барат. Мындай маалыматты президенттин администрациясы 1-июлда таратты. Ага караганда, иш сапардын алкагында Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушары күтүлүүдө.

“Жолугушуу жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.

Жапаров буга чейин Москвада иш сапары менен 8-майда болуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышкан.

Дагы караңыз

Иран: Аракчи өзөктүк сүйлөшүүлөр тез арада кайра башталарын четке какты Аба ырайы: күн 41 градуска чейин ысыйтКаржы рыногун жөнгө салуу кызматы унаа камсыздандырбагандарга айып салынарын эскерттиЖурналист Канат Каниметов "Апрелдин" иши боюнча УКМКга суракка чакырылды