Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Орусияга барат. Мындай маалыматты президенттин администрациясы 1-июлда таратты. Ага караганда, иш сапардын алкагында Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушары күтүлүүдө.
“Жолугушуу жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.
Жапаров буга чейин Москвада иш сапары менен 8-майда болуп, Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышкан.
Шерине