Бишкек шаардык милициясы 28-июнда калаанын Ак-Ордо конушунда “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жөө өтмөктө велосипед тээп бараткан кызды коюп кетип, ал ошол жерде каза болгонун билдирди.
Мекеменин 1-июлдагы маалыматында, окуя кечки саат 20:20 чамасында Чубак ажы – Заирбек баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы туулган Ч.А. аттуу кыз ошол жерде каза болгон.
Бул фактыны Бишкек шаардык милициясы каттоого алып, тергөө иштери башталган. Анын жыйынтыгы менен 1984-жылы туулган Н.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, алардын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2 миңден көп киши ар кандай жараат алды.
Шерине