Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Балта шаарынын мэринин кармалышы боюнча кеңири маалымат таратты.
Анда мэриянын кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, Кытайдан чыгарылган 17 даана автобусту кымбат баада сатып алганы жазылган.
Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында автобустарды сатып алуудан бюджетте 17 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул иш боюнча Кара-Балтанын мэри Мирлан Жекшенов, “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
“Мындан тышкары, Кара-Балта шаардык мэриясына мамлекет бөлүп берген 1 млрд сомдун алкагында аткарылган иштердин актыларын талдоо учурунда жолдун үстүн оңдоо иштерин жүргүзгөн аткаруучу ишканалардын биринин жетекчиси, мыйзамсыз түрдө интернет-блогерлерин жалдап, ар кандай чагымчыл видео тасмаларды таратуу менен, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупциялык схемаларды жоюу иштерин каралоого аракет кылган”, - деп жазылган билдирүүдө.
Буга байланыштуу айрым блогерлер акчалай сыйлык алуу үчүн УКМК кызматкерлерине чагымчыл аракеттерди уюштурганы жазылган.
Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде “Плаза” аткаруучу ишканасынын жетекчиси “М.М.”, блогерлер “Ю.Н.”, “Ж.Ж.”, “Б.Т.” УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарын өнүктүрүү үчүн 1 миллиард сом бөлүнгөнүн, анын максаттуу пайдаланганын текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.
24-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар тургундарынын арызы боюнча Токмок шаарына барып, анын тапшырмасы менен жыйын учурунда калаа мэри Максат Нусувалиевди жана үч кишини кармаган. Аларга калаадагы сейил бакты куруу ишинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган деген айып тагылган.
Шерине