Киев орусиялык күчтөр өткөн түнү Украинанын аймагына 500дөн ашуун дрон жана ракета учурганын билдирди. Бул согуш башталгандан берки эң ири аба чабуулдарынын бири болуп калды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-июнга караган түнү өлкө аймагы орус-иран өндүрүшүнөн чыккан 477 Shahed дрону жана ар кандай үлгүдөгү 60 ракета менен аткыланганын билдирди.
"Смела шаарындагы турак үйгө сокку урулуп, бир бала жараат алды", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Украинанын чыгышындагы Черкассы облусуна жасаган чабуулдан алты адам жарадар болгонун облустук аскердик администрация билдирди.
Зеленский Орусияны “жашоого керектүү нерселердин баарын бутага алды” деп айыптады.
Президент өз билдирүүсүндө украиналык учкуч Максим Устыменко Орусиянын аскерлеринин аба чабуулдарын тосуп жатып курман болгонун белгиледи.
"Ал жети куралды жок кылды", - деген Зеленский Украинанын аба күчтөрүнө “асманыбызды каармандык менен коргоп жатат” деп ыраазычылык билдирди.
Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Украинага колдоо көрсөтүүнү улантууга чакыды, бул өлкө өзүн Орусиянын чабуулдарынан коргой алышы үчүн керек экенин белгиледи.
"Украина абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүшү керек - бул өмүрдү сактоого өбөлгө. Бул үчүн америкалык системаларды сатып алууга даярбыз. Биз АКШнын, Европанын жана бардык өнөктөштөрүбүздүн лидерлигине, саясий эркине жана колдоосуна таянабыз", - деп жазды ал.
Украинанын аскер аба күчтөрү билдиргендей, түндө дрондор менен ракеталардын ичинен 249у атып түшүрүлгөн, ал эми 225 дрон радардан жоголгон.
Аба күчтөрүнүн байланыш бөлүмүнүн башчысы Юрий Игнат Associated Press агенттигине бул Орусиянын 2022-жылдын февралынан бери Украинага жасаган “эң ири аба чабуулу” болгонун айтты.
Украинанын өзүнө жакын аймактарына болгон чабуулдан улам Польша учактарын абага көтөрүп, аба мейкиндигин коргоо чараларын көргөнү маалым болду.
Украинанын кеминде алты аймагына, анын ичинде батыштагы Львов, Ивано-Франковск, түштүктөгү Николаев, түштүк-чыгыштагы Запорожье, борбордук Полтава облустарына урулган соккулар адам өмүрүнө жана турак жайларга олуттуу зыян келтирген.
Украинанын Одесса шаарында Орусиянын дрону көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши каза тапты.
Одессанын мэри Генадий Труханов куткаруучулар дрон тийген үйдөн түгөйлөрдүн сөөгүн тапканын билдирди.
Облустук аскердик администрация билдиргендей, алты киши жараат алды, арасында эки бала бар.
Дрон 21 кабаттуу турак жайга тийип, 7,8 ,9-кабаттарында өрт чыккан.
2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери орус армиясынын кеминде 115 857 жоокери каза тапканын Би-би-си, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык маалыматтарга таянып аныкташты.
Набыт болгондордун басымдуусу - өз ыктыяры менен согушка кеткендер. Орус бийлиги былтыр күздөн тарта келишим түзгөндөрдүн эсебинен Украинада согушкан аскерлеринин катарын толуктоого өткөн.
Журналисттердин эсебинде жашы 18деги кеминде 240 орусиялык улан келишим менен барып, согушта өлгөн. Алардын эң кенжеси Смоленскиден барган Даниил Чистяков окко учканда 18ден жаңы эле өткөн. Ал майданга барганына бир нече гана күн болгон.
18деги Виталий Иванов согушка Иркутск облусунан келишим менен барган. Анын энеси Анна уулу эки апталык машыгуудан кийин аскердик чалгынчы деген адистик алып, 2025-жылы 5-февралда согуштук тапшырма алганын айтып берди.
"Бул анын алгачкы жана акыркы майдандагы тапшырмасы болду", – деп эскерет маркумдун энеси. 4-мартта аялга аскердик комиссариаттан чалып, Виталий 11-февралда набыт болгонун угузушкан. Ал майданда бир гана апта жүргөн.
2023-жылы Орусияда жашы жете электерди келишим менен армияга алууга жол ачкан мыйзам күчүнө кирген. Ага чейин армияга келишим менен жогорку же орто кесиптик билими барлар гана чакырылчу.
Украинанын Днепропетров облусунда Орусиянын соккусунан беш киши каза тапты.
Облустук аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, Самар шаарына ракеталык сокку болгон. 20дан ашык киши жараат алды. Анын төртөөнүн абалы оор.