Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
Temirov LIVE каналынын журналисттеринин Бишкектеги кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын кеңсесине 22-январда саат 19:15терде киргенин айтты. Бул окуя боюнча тартип коргоо органдарынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардан жооп алып берүүгө аракеттенет.
Чыгарылыштар
-
Июнь 29, 2025
Дүйнөнүн 26-аптасы: күлгө айланган шаарлар
-
Июнь 29, 2025
"Бийлик миграциядан кайткандарга шарт түзүшү керек"
-
Июнь 29, 2025
Кыйноого каршы борборду жоюунун кесепети кандай болот?
-
Июнь 27, 2025
Иран-Израил: Ок атышуу токтоду, маалымат согушу уланууда
-
Июнь 26, 2025
Газа: Израилдин соккусу 30дан көп өмүрдү алды