"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтон шаарындагы кабарчысы. 1999-2016-жылдары Орусияда Bloomberg News басылмасынын кабарчысы болуп иштеген.
АКШ президенти Дональд Трамп жана бүткүл дүйнө Орусия чындап эле үч жылдан ашкан Украинадагы согушун токтотууга кызыкдарбы же коңшу өлкөнү толук басып алуу максатын улантууну көздөйбү деген суроонун жообун билүүгө жакындап калды.
4-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Конгрессте туруп, Зеленскийден кат алганын жана анда украин лидери сүйлөшүүлөрдү баштоого даярдыгын билдиргенин айтты. Бул Трамптын президенттик кызматка киришкенден бери Конгресске жасаган биринчи кайрылуусу. Анын кызматка киришкенине 50 күндөн ашты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамптын маанилүү жолугушуусу Ак үйдө курч кайым айтышуу менен аяктады.
Акыркы эки жылда Кошмо Штаттарда Орусияга учактарды жана тетиктерди ташуу же андай аракетке айыпталып беш башка иш боюнча бир нече киши кармалды. Санкциялардан улам Орусияда Boeing жана Airbus жүргүнчү ташыган учактардын паркы кыйынчылыктарга туш болуп келатат.
АКШнын прокуратурасы Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковго ок атуучу курал-жаракты Орусияга мыйзамсыз ташыды деген айып такты. Ал бул куралдарды Америкадан Кыргызстанга алып келип, андан соң Орусияга жөнөткөн деп шектелүүдө. Жарновниковдун адвокаттары бул айыптар боюнча үн ката элек.