"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Экономика боюнча Нобел сыйлыгы быйыл америкалык илимпоздор Уильям Нордхаус менен Пол Ромерге ыйгарылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяда өткөн төртүнчү иш сапарын “жемиштүү” деп мүнөздөдү. Ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянда жекшемби күнү жолугушту.
Эски совет аймагында, Евробиримдик өлкөлөрүндө мурдагы президенттердин укуктук макамы барбы? Алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулганбы, социалдык жана башка кандай жеңилдиктерге ээ?
Брюсселде бүгүн НАТОнун коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны башталууда. Аны утурлай Кошмо Штаттар Орусия ракеталар боюнча мындан отуз жыл мурда кол коюлган келишимдин шарттарын бузуп жатканын дагы бир жолу эске салып, НАТОдогу өнөктөштөрүн бул жагдайга олуттуу көңүл бурууга чакырды. Ал түгүл АКШнын Түндүк Атлантикалык Альянстагы элчиси өз өлкөсү Орусиянын келишимде тыюу салынган ракеталарын жок кыла аларын да эскертип өттү. Кайра бул сөзүнө 3- октябрда түзөтүү киргизди.
Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүүлөргө расмий айып тагылууда. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарыялагандай, өткөн апта соңунда бир нече адам камакка алынган соң азырынча төрт кишиге күнөө коюлду. 27 жаштагы Ян Куциактын быйыл февралда киши колдуу болушу Словкакияда коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларына түрткү берип, өлкөнүн премьер-министри кызматтан кетүүгө мажбур болгон.
Өзбекстандык Сайфулло Саиповдун соту 7-октябрда башталат деп күтүлүп жатат.
Иран Сирияда согушкерлердин турган жерин баллистикалык ракеталар менен аткылаганын жарыялады. Расмий Тегеран муну өлкөнүн Аваз шаарында жакында болгон кол салуу үчүн жооп катары мүнөздөөдө. Анда аскердик парад учурундагы чабуулдан кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылган.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Германияда ушул аптадагы мамлекеттик сапары учурунда диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы же расмий Анкара атагандай, ФЕТО маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Бирок расмий Берлин түрк бийлигинин бул кыймылды “террорчу уюм” катары таанып, анын жактоочуларын экстрадициялоо мүдөөсүнө көнгөн жок. Бул үчүн жетиштүү далилдер зарылдыгы айтылды.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде АКШ Кытай жана Орусия менен Түндүк Кореяга салынган санкциялар боюнча кайым айтышты. Бээжин менен Москва соңку окуялардан улам санкциялар жеңилдетилүүсүн жактап чыгышса, Вашингтон мурдагыдай эле Пхеньяндын өзөктүк куралдан толук жана биротоло арылганы текшерүү жолу менен ырасталмайынча катаал санкциялар күчүндө калышы керек деп саноодо.
Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын бүгүн жалпы дебаттардын экинчи күнү. Анда кечээ сөз алган АКШ президенти Дональд Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн ал “агрессиялык” деп атаган саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырса, өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани АКШны “экономикалык терроризм” үчүн айыптады. Трамп 26-сентябрда Иран проблемасын БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда төрагалык кылган учурда да көтөрөт деп күтүлүүдө.
БУУнун атайын жыйынында дүйнөдө маңзат колдонгондор көбөйүп кеткени айтылды.
“Искандер-М” - бул Орусиянын кубаттуу жана заманбап куралынын бири.
Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеянын 78-сессиясы ачылып жатат.
2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.
АКШнын администрациясы Кытайдын армиясына каршы санкция киргизгенин жарыялады. Вашингтондун билдиргенине караганда, мындай чара кытай тарап АКШнын Орусияга каршы экономикалык санкцияларын бузуп, бул өлкөдөн аскерий учактарды жана ракеталык системаларды сатып алганы үчүн көрүлдү.
АКШнын Мамлекеттик департаменти глобалдык терроризм боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда, былтыр дүйнөдө 2016-жылга салыштырмалуу террордук чабуулдардын саны 20 пайызга азайган. Бул көбүнчө Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгенден кийин болду. Кошмо Штаттар жаңы баяндамасында Иранды кайрадан дүйнөнүн терроризмге демөөрчүлүк кылган башкы мамлекети деп да атады.
Сирияда Орусиянын аскерий учагы атып түшүрүлгөндө 15 аскер кызматчысы мерт болду.
Түркия менен Орусия президенттеринин жолугушуусунда Сириянын Идлиб провинциясы боюнча меморандум кабыл алды.
Кошмо Штаттар менен Кытайдын соода тиреши дагы тереңдегени турат. АКШ президенти Дональд Трамп эми Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына кошумча бажы тарифтери коюлганын жарыялайт деп күтүлүүдө. Өз кезегинде Бээжин жооп чарага барарын билдирип жатат. Буга чейин дүйнөнүн эң ири экономикасы бири бирине каршы киргизген тариф колдонулган товардын акчалай көлөмү 100 миллиард долларга жеткен.
17-сентябрда Сочиде Орусиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушат. Алар Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды, өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакка пландалган чабуулун талкуулашат.
Дагы жүктөңүз