"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында аталган кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришти.
Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» дүң жана чекене базарынын соодагерлери Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар базарга электр энергиясын берип, базарды мэриянын карамагына өткөрүп алууну талап кылышты.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери 19-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына тынч митингге чыгышты. 25 эне жеңилдетилген ипотекага үй берүү талабын бийликке жеткириш үчүн чогулган. Биринчи Май райондук сотунун 31-сентябрга чейин аталган жайда чогулууга тыюу салган чечимине
Ош базарындагы “Берекет универсал” соода борборундагы соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди. Кылмыш иши козголуп калса, тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Орусияда тракторлордун жарышы өттү. «Бизон-Трек-Шоу» деп аталган бул турнир Ростов шаарында болду. Талаада иштеп жүргөн кадимки эле тракторлордун жарышына жалгыз аял да катышкан.
Алардын бирөө мектепти абакта аяктады. Ал эркиндикке чыгуу жана болочок кесиби тууралуу кыялдары менен бөлүштү.
Кыргыз улуттук академиялык драма театр быйылкы сезонун Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли менен жапты. Бул спектаклди театр таануучулар, көрүүчүлөр мактап, кыргыз театрынын акыркы жылдардагы эң чоң ийгилиги катары баалап жатышат.
Таластын Талды-Булак айылынын тургуну 30 жылдан бери айылдын малын жалгыз дарылайт. Догдурбек Төкөналиев кесибин учурда уулуна үйрөтүп жаткан кези. Атадан балага өткөн мал доктурлук тууралуу төмөнкү видеону көрүңүз.
Быйыл экинчи жыл уюштурулуп жаткан форумда спикерлер санарип медиа жана телеберүү жаатындагы негизги багыттар, максаттуу аудиторияны түшүнүп, билүү боюнча презентацияларды даярдашкан. 28-апрелде форумда журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгы тапшырылат.
Кыргыздын чыгаан жазуучусу менен «Азаттыктын» кыргыз кызматынын негиздөөчүсүнүн тагдырларын баяндаган «Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов: Темир тордун эки тарабындагы тагдырлар» китебинин бет ачары өттү. Китептин автору, америкалык Жеффри Лилли эмгегин алгач англис тилинде жазып чыгарган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламент депутаттарына карата 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү жыйынында айткан сынына жооп кайтарып, саясий маданиятты сактоого чакырды.
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети көчмө жыйында “Коопсуз шаар” долбоорун талкуулады. Жыйында депутаттар долбоордун аткарылышы боюнча бир катар сын айтышты.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Иса Өмүркуловдун съезд өткөрүү тууралуу билдирүүсүн сынга алды.
Экс-президент Роза Отунбаева балдарга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп берди. Иш-чара “Жылдыздар китеп окуйт” долбоорунун алкагында ишке ашты. Аягында балдар Роза Отунбаева каалаган суроолорун беришип, жооп алышты. Мурдагы мамлекет башчы депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер бул ишти
Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө болгон кыянаттыкты кантип токтото алабыз?
12-февралда Бишкекте саясатчы Темир Сариев жыйын өткөрдү. Ал депутат Элвира Сурабалдиеванын айыптоосуна жооп узатып, андан башка кыргыз-орус алакасы, автоунааны милдеттүү камсыздандыруу жана башка суроолорго жооп берди.
12 жаштагы Одри Аиданы 11 жыл мурда америкалык үй-бүлө асырап алган. Кыз ушул жашка чыкканга чейин АКШда жашады. Жарым жыл мурда ал ата-энеси менен Кыргызстанга келген. Одри-Аида мурда туулган жерин сүрөттөн гана көрүп келсе, эми ата-энеси менен өлкө аймагын түрө кыдырып жүрөт. Учурда ал кыргыз мада