"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Сочидеги олимпиа паркындагы ресторандарда спортчулар үчүн жапондордун сушисинен тарта европалык, азиялык тамак-аштын түркүн түрү, ар кыл жер-жемиш менен суусундуктар жайнайт.
Сочи олимпиадасы күн өткөн сайын кызып баратат. Алгачкы күндөрү жеңип алган медалдардын саны жана сапаты боюнча Норвегия өлкөсү алдыда болсо, мурда күнү алардан Канада өлкөсү озуп чыккан.
Сочи олимпиадасынын башталганына 5 күн болду. Таймаштар күн санап курчууда.
Сочидеги олимпиадалык парк. XXII Кышкы Олимпиа оюндарынын оту дал ушул жерде. Имараттардын алдында көрсөтмөлүү оюндар да өтүп жатат. Башкы басма сөз борборунда орус элинин меймандостугун көрсөтүп, ысык чай, шакек токоч менен бекер берилет. Атайын көргөзмө да уюштурулган.
Сочидеги кышкы олимп оюндарын чагылдырып жүргөн спорттук кабарчыбыз Кабыл Макеш алгачкы байкоолору менен бөлүшөт.
Сочи олимпиадасынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Бул олимпиадага Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча чебер Дмитрий Трелевский гана жолдомо алды. Сочиде өлкө намысын коргогону жаткан жалгыз спортчуну сапарга аттанаар алдында сөзгө тарттык.
24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталды. Бул мелдешке Кыргызстандын жаштар командасы катышууда.
Кыргызстандык тоо лыжа чебери Дмитрий Трелевский Сочи олимпиадасына жолдомо алды. Футболдон өлкөнүн жаштар тандалма командасы Катардын командасын утту.
ФИФАнын Кыргызстандагы калысы Бахадыр Кочкаров быйыл Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатында калыстык кылмай болду. 16-январда футзалдан өлкө чемпионатында Бишкектин “Булат” командасы топ баштады.
15-январда кыргызстандык ат спортунун чебери жайында Кытайда өтчү жаштар олимпиадасына жолдомо алды. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 18 жашка чейинки улан-кыздардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги өтөт.
14-январда бокс боюнча Азия чемпиону Азат Үсөналиев Алжирден жеңиш менен кайтып келди. Февралда Бишкекте хоккей боюнча “Азия чакырык” кубогу өтөт.
30-декабрда кыргызстандык Азат Үсөналиев 2013-жылдагы Азиянын мыкты боксчуларынын бири аталды. Футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
27-декабрда Минск шаарында өткөн казак күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны мөрөй алды.
25-декабрда Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандык тоо лыжачы Дмитрий Трелевский Сочидеги кышкы олимпиадага жолдомо алды.
Спорт тармагы жыл жыйынтыгын чыгарып мыкты спортчу, машыктыруучу, дене тарбия кызматкерлерин аныктады.
23-декабрда Орусиядагы бильярд турниринен Каныбек Сагынбаев коло медаль утуп келди. 23-декабрда дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогунун таймаштары жыйынтыкталды.
18-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ага кыргызстандык 25 шахматчы катышууда.
16-декабрда Кытайда өткөн дзюдо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионатынан кыргыз балбандары олжолуу кайтып келди.
13-декабрда Кытайда дюздо боюнча жана Казакстанда грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары жеңишке жетти.
11-декабрда Кытайда дюздо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө. Бул күнү Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды.
Дагы жүктөңүз