"Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Эл аралык AIB сыйлыгынын жеңүүчүсү (2011).
Тагайбек Турдукулов Памирде большевиктер ыңкылабынан кийин туулган. Коммунизм доорун башынан өткөргөн аксакалдын уулу азыр топоз багып, турист тосуп, жаңы доорго күбө болуп жашап жаткан чагы. Мургабдын Ооганстан менен чектеш аймагындагы Корумду жайлоосунда аксакал менен Жаңыл Жусупжан баарлашты.
Чек аралар адамдардын жүрөгүн аралап өтөөрү чын болсо бул Тагайбек Турдукуловго түздөн-түз тийешелүү. Тагайбек аксакал Мургаптын Аличор айылы тарапта туулуп өскөн, чоң aта, чоң энеси, кара чечекей эжеси менен ооган тарапта калган. Аксакал менен Памирдин Корумду жайлоосунда Жаңыл Жусупжан баарлашты.
Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу тарабы Тажикстанга кирет. Совет доорунда тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн эл күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат.
Жергеталдык Гүлчахра деген 5-класстын окуучусу бабалардын Сасык-Көл дегенине ичи чыкпай, аны Ысык-Көл деп атап, ыр чыгарды. Ырды жакында Сасык-Көл жайлоосуна барган Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.
Мургабдын Ооганстанга чектеш Аличор айылына келсеңиз, "Марко Поло" деп жазылган ак дубал менен тосмолонгон конок үй дароо көзгө урунат. Бул үйдөн алыс жол басып келген батыштык саякатчылардын аягы үзүлбөйт.
Oрусияда "ылайыксыз" уюмдардын көзүн тазалоого жол берүүчү мыйзамга байланыштуу ысымдары аталган уюмдар бул мыйзамды Кремлдин жарандык коомду басмырлоо өнөктүгүнүн коркунучтуу жаңы кадамы деп мүнөздөштү.
АКШнын вице-президенти Ирактын өкмөт башчысына телефон чалып, АКШ Иракты колдойт деп ишендирди. Мунун алдында америкалык генерал ирак армиясын "Ислам мамлекети" тобуна каршы чын дилден күрөшпөй жатат деп сынга алган.
Мургаптын Сары-Кол өрөөнүндө мына ушундай туризм бизнесин 10-15 жылдан бери аркалап келаткан Сайдали Гайбудаев ушул күндөрү Швецариянын Алп тоолорунда жүрөт.
Пакистан менен Ооганстан тогошкон Хиндукуш тоолорунун койнунда исламга чейинки байыркы маданиятын сактап калган эл жашайт.
Кыргызстанда жашаган аялдар арасындагы диний экстремизм тууралуу китеп англис тилинде жарыкка чыгып, сатыкка түштү.
Тажикстандын Билим берүү министрлиги күздөн тарта бардык тажик-түрк лицейлери "таланттуу балдар үчүн" мектеп болуп иштей баштарын бышыктады.
Орусиянын башкы дипломаты Москва Батыш менен кызматташууга даяр экендигин жарыялады. Мунун алдында Сергей Лавров Брюсселде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле.
Тажикстандын Жерге-Тал районунун жарандык согуш мезгилиндеги раиси Нусратулло Хасанов үйү өрттөнүп, аялы, балдары менен Кыргызстанга качкан. Кийин тажик парламентинин депутаты болуп, азыр Дүйшөмбү калаасында ардагердин жарыбаган пенсиясына кыйналган шартта жашап жатат.
Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддын сыртында миңдеген үйлөрдү бузуу иштери уланууда.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен алакасы, өзгөргөн кырдаалдагы Кошмо Штаттарынын саясаты жана бул аймактын мааниси Вашингтондо талкууланды.
Казакстанда бийликтердин билдиришинче, өлкөнүн түндүгүндө дагы 100дөй жейрендин өлүгү табылды. Кызыл китепке кирген бул жаныбар жугуштуу ылаңдан кырылганы болжолдонууда.
Кытай мындан алты жыл мурда тартип коргоочулардын айыпкерлерди кыйноосун токтотуу боюнча бир катар катаң чараларды көргөн эле.
Пабло Пикассонун сүрөтү тарыхтагы эң кымбат чыгарма болуп калды. Нью-Йорктогу аукциондо дээрлик 180 миллион долларга сатылган «Алжирдик айымдар» мындан эки жыл мурдагы рекордду багынтты.
Сайфаридин Кудайкулов Тажикстандын Жерге-Тал айылында туулуп өскөн. Мындан 18 жыл мурдагы окуяларды Сайфаридин ичине катып жүрүп, эми гана ачыкка чыгууга батынып турат.
Дагы жүктөңүз