"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Орус армиясы Украинанын президенти Кривой Рог шаарына сокку урду. Токмоктогу "Ай-Кью" менчик мектебин экстернат жолу менен бүткөн 84 окуучу аттестат ала албай жатат. Жикчил Тоолуу Карабакта алты миңдей киши Лачын коридорун Азербайжандын жаап салышына нааразылык билдирип чыкты.
БШК Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратты. Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын ишин калыс жана ачык иликтөөгө чакырды. 7-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияда Режеп Тайып Эрдоган менен жолугат.
Абай Жумаев 50 жашта. Ал жыйырма жылдай маңзат колдонгон. Өзүнүн айтымында героин сайынган. Мындан төрт жыл мурда метадон терапиясы менен дарылана баштаган. Абай учурда кароолчу болуп иштейт. Ал жаштыгы маңзат кучагында өткөнүнө өкүнөт, мындан аркы жашоосун бейкапар өткөрүүнү самайт.
Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери дегенде төрт киши мерт болду. Жергиликтүү бийлик 50дөй имарат зыян тартканын билдирди. - Атайын кызмат “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйүн тинтип, экөөнү кармады.
Активист Өндүрүш Токтонасыровду аны күч менен кармап кеткен милиционерлерге каршы арызданат. Өткөн аптада Краматорск шаарында ресторанга жасалган ракеталык чабуулдан жараат алган украиналык жазуучу жана активист Виктория Амелина каза болду. Ошто сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы болгон 50 чакты адам акцияга чыкты.
Бийликти сындап, өз пикирин ачык айтып жүргөн Адилет Балтабай менен абактагы жашоо, сөз эркиндигинин абалы тууралуу маектештик. Ал 2022-жылы камалып, жарым жыл тергөө абагында отурган. Кийин "Жапырт башаламандык" беренеси менен соттолуп, учурда үч жылдык пробациялык көзөмөлдөн өтүп жатат.
Суунун тартыштыгы Бишкектин тегерек-четиндеги фермерлерди кыйнап жатат. Дыйкандар сугат суунун жоктугунан айыл чарба өсүмдүктөрү күйүп жатканын айтып, нааразылык акциягы чыгышты.
Украинадагы согушта Орусиянын "Вагнер" менчик аскер компаниясына жалданган 90дон ашык мигрант набыт болду. Депутат Жусупбек Коргонбай абактан шарттуу эрте бошотулгандар боюнча коррупциялык схема түзүлгөнүн билдирди. Депутат Надира Нарматова “Медиахабдын” журналистин сотко берерин айтты.
Орус армиясынын ракета соккусунан Украинада кеминде алты адам мерт болду, ондон ашууну жарат алды. Кыргызстанда "акылдуу камера" менен 57 киши кармалды. Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун полицияга тапшырууга милдеттүү.
Украинанын Кривой Рог шаарында үйгө тийген орус ракетасынан үч киши мерт болуп, дагы ондогон адам жарат алды. Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоору иштелип чыкты. Казакстандын Абай облусундагы токойдо өрт өчүрүүгө кеткен жергиликтүү тургун дайынсыз болууда.
Казакстандын Абай облусундагы өрттөн 14 адам набыт болду. Июнь окуясы деген аталыш менен калган Ош жана Жалал-Абад облусундагы улут аралык жаңжалга быйыл 13 жыл толду. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар тергөө тобунун жетекчиси Улан Жапековго каршы арызданды.
Бишкекте күн ысыгандан тарта таза суу тартыштыгы күч алды. Өзгөчө шаардын жака-белиндеги Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштардын жашоочулары сууга жетпей атканын айтышууда.
Сөз эркиндигинин абалын парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы талкуулады. Армения менен Азербайжандын лидерлери Кремлдеги жолугушууда айтыша кетти.Бишкектеги “Батуми” кафесине байланыштуу чырдан улам Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш иши козголду.
Орус армиясы Украинанын үч болусуна ракетадан сокку уруп, «Шахед» дрондору жана жапырт аткылоочу ракеталык системалардан чабуул койду. Апрель окуясынын катышуучулары мурдагы президенттерди актоо аракеттерине каршы акцияга чыгышты. Малдан салык алуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Медиа эксперттер менен юристтер документ сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарын жапырт көзөмөлгө алат деп эскертүүдө. Мыйзам долбоорундагы коркунучтар жана тобокелчиликтер эмнеде?
Кыргызстанда турак жайдын жетишсиздиги аялуу катмардагы калктын өзгөчө көйгөйү болуп саналат. Бишкекте укук коргоо органдарынын ардагерлери бийликке кайрылып, мыйзамда белгиленген шарттарды аткарууну талап кылды. “Азаттык” үйгө муктаж жарандардын арыз-мууңун угуп, өкмөттүн түшүндүрмөсүн алды.
Дагы жүктөңүз