Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
“Азаттык+” бул жолу Кыргызстанда искусство жана бизнес тармагында ийгилик жараткан чет элдиктердин жашоосун баяндайт.
Кыргызстандагы чет элдиктердин арасында ар тараптан өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келаткандар бар. "Азаттык+" бул жолку чыгарылышында чет өлкөлүктөрдүн жашоосун чагылдырды.
Анара Карабаева Ноокатта төрөлүп, ошол жерде үй-бүлө очогунун түтүнүн булаткан. Жумушсуздук жылуу очогун таштап, Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында тирилик кылууга мажбур кылган. Жыйырма жылдан бери базарда туруп, ысык-суугуна чыдап, акча тапканы менен өз жерине кайтуу керек деген ой жү
Күз менен кошо кыргыздын дээрлик ар бир үй-бүлөсү жапатырмак тойдо жүргөн кези. Жаздан баштап жер иштеткен дыйкан түшүмүнүн пайдасын тойго төксө, айлыкка отургандар карыздап деле барып атышат.
Изилдөөлөр бир жылда той-ашка 3 миллиард доллардай каражат сарпталарын көргөздү.
Курулуштагы калпыстыктан улам Сокулук районунда бир келин мерт болуп, беш киши жабыркады.
10-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районунда курулуп жаткан үйдүн плитасы кулап, кошуна үйдүн чатырына түшкөн. Кырсыктын кесепетинен туулган күн белгилеп жаткан беш адам жабыркап, бир аял каза болгон.
Кыргызстанда учурда жалпысынан 933 илимдин доктору жана 4275 илимдин кандидаты бар.
Эл аралык Илим күнүндө “Азаттык+” берүүсү өлкөдөгү илим тармагындагы абалга көз чаптырды.
Кыргызстандын коммунисттери Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын урматына салтка айланган митинг өткөрүп, Лениндин эстелигине гүл коюшту.
Мектептеги жең ичинен акча жыйноону тыюу керекпи же мыйзамдаштыруу зарылбы?
Бишкекте акча төлөй албай калганы үчүн басмырлоого кабылып, мектептен чыгарылды делген окуучунун окуясы ата-энелер менен коомчулукту бейпайга салган жең ичинен акча жыйноо көйгөйүнүн бетин ачты.
Шайлоо жыйынтыгын чыгарган БШКнын протоколуна анын айрым мүчөлөрү кол койгон жок.
Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды.
Кыргызстанда шайлоо ырчылар үчүн киреше табуунун булагы экени жашыруун эмес. Президенттикке аттангандарды коштоп жүргөн шоу-бизнес өкүлдөрү талапкерлердин программасына көңүл бурушабы же көбүрөөк киреше табууга умтулушабы? "Азаттык плюс" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.
31 жаштагы Акмөөр Юсупова беш баласын жалгыз тарбиялап келет. Төрт кызды удаа төрөгөндөн кийин боюндагы бешинчисин да УЗИ аппараты кыз деп көрсөткөн. Эркек балалуу болгусу келген күйөөсү ошондон кийин үй-бүлөсүн таштап кетип калган экен. Бирок тагдырдын тамашасыбы же догдурдун жаңылыштыгыбы, Акмөөр
8 миң сом айлык алган өрт өчүргүч, театр актеру, бала бакчадагы тарбиячы акчасын кантип жеткирип жашайт?
Кыргызстанда бир айлык жашоонун орточо баасы 4850 сомду түзөт. 8 миң сом айлык алган өрт өчүргүч, театр актеру, бала бакчадагы тарбиячы акчасын кантип жеткирип жашап жатат? "Азаттык+" бул жолу аз маянага карабастан, элге ак дилден кызмат кылып келаткандардын турмушун чагылдырды.
“Азаттык плюс” бул жолу кыздардын укуктук сабаттуулугун жана коомдогу ордун талкуулады.
Кыргызстанда кыз-келиндердин укугу корголобу? Түрдүү зомбулукка кабылган кыз-келиндер кимге кайрылып, кандай жардам ала алышат? 14 жашында кош бойлуу болгон секелектердин мындан аркы тагдыры кандай болот? "Азаттык+" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыз-келиндердин укуктарына арналды.
Дагы жүктөңүз