"Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ысык-Көлдө жайкы эс алуу сезону эми кызыгандай. Буга чейин аба ырайы жакшы болбой, туристтердин агымы анча байкалбай жаткан. Учурда көл жээгинде ички жана тышкы туристтер болуп эс алышууда. Көлдөгү быйылкы эс алуучуларга болгон шарт кандай?
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына караштуу Каракол автобекети реконструкцияга муктаж. Буга байланыштуу автобекет кызматкерлери Каракол шаардык кеңешине кайрылышты. 1988-жылы пайдаланууга берилген автобекетти жаңылоо, иретке келтирүү иштери эмне үчүн колго алынбай жатат?
Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы муниципалдык базардын курулушу эки жылдан бери бүтпөй турат.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленди. Иш-чара райондук жетекчилик жана жергиликтүү элдин демилгеси менен өтүп, малчыларга майрамдык маанай тартуулоо максатын көздөдү.
Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылынын Ишенбек Бейшенбаев атындагы орто мектебинин окуучулары ураганы калган мектепте билим алып жатышат. 11 жылдык бул мектепте азыр 140 бала окуйт. Мектеп көйгөйүн көтөрүп келаткан айыл активисттеринин үнүн уккан киши жок.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүндө "Таза долбоор” демилгечи тобунун жаштары менен бирге жергиликтүү эл ишембилик өткөрүп, көл жээгин тазалашты.
Каракол шаарындагы Мамлекеттик спорт агенттигине таандык оңдоп-түзөөгө өзгөчө муктаж ат майданы каражаттын жоктугунан оңдолбой турат.
Каракол шаарынын борбордук скверине бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Арык Мырза аттуу инсандын айкелинин орнотулушу нааразылык жаратты.
Малчылар жайлоого чыга баштаган кезде жааган калың кардан Ысык-Көл облусунда үч район жабыркап, бир эле райондо миңге жакын мал кырылганы кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгымдын так санын эсептеп бүтө элек.
Калың жааган кардын кесепетинен улам Ысык-Көлдө кырылган койдун саны миңден ашты.
Малчылар жайлоого чыга баштаган кезде жааган калың кардан Ысык-Көл облусунда үч район жабыркап, бир эле райондо миңге жакын мал кырылганы кабарланды.
Караколдун төрөт үйүндө ымыркайлар остеомиелит илдетине чалдыкканына байланыштуу кылмыш иши козголду. Наристелердин ата-энелери бул үчүн дарыгерлерди айыптап жатышат. Ал эми дарыгерлер дооматтарды четке кагышууда.
Ысык-Көлдүн Тоң районунда чет өлкөдөн кайтып келген мигранттар үчүн лагерь уюштурулду. Аны USAID уюмунун "Адамдын укугу жана кадыр-баркы" долбоорунун алкагында Эл аралык миграция уюму өткөрүүдө.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында Кенжебек Саякбаевдин үй-бүлөсү төө саап бизнес кылышат. Атадан балага калган малдын учун улап келаткан үй-бүлө дарылыгы күчтүү деп саналган төө сүтүн сатышат. Төө сүтүнө суроо-талап күчөп, кардарлар өлкөнүн бардык аймагынан келишет.
Жол-Колот айылынын эли бөлүп берүүнү сураган 108 гектар жер акционердик коомго таандык.
Ак-Суу,Түп, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары боюнча мамлекеттик экологиялык, техникалык инспекциясынын башкармалыгынын, Айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын кызматкерлери балык уулоого каршы рейд өткөрүп жатышат. Кызматкерлер жетиштүү шаймандардын жоктугу да браконьерлер менен болгон күрөшкө
14-апрелде Түп районунун Балбай айылындагы жол кырсыгынан чыккан чыр боюнча кылмыш иши козголду.
Кичи-Жаргылчактын тургундары кварц кенине чалгындоо ишин жүргүзгөнү жаткан компанияга каршы чыгууда.
Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургундары айыл аймагынан кварц кенине чалгындоо иштерин жүргүзүүгө каршы чыгышты.
Дагы жүктөңүз