Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Эки жолу камалган экс чиновниктин Нарындагы жол курулушуна кандай тиешеси бар?


Өткөн аптада Нарын шаарынын тургундары калаанын көйгөйүн ырга салып, жыйынтыгында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга барууга мажбур болду. Тоо арасындагы чакан шаардын тургундары негизги эки жолдун убагында салынып бүтпөй, курулушу аябай жай жүрүп жатканына нааразы.

Жалпы баасы 844 млн. сомго бааланган Ленин жана Шералиев көчөсүн “Бета Групп” деген компания салып бүтүрүшү керек. Баарынан кызыгы аталган компания Бишкек шаардык мэриясынын “кара тизмесине” илинген жана жетекчиси эки жолу камалып чыккан.

Ушундан улам “Транспорт министрлиги Нарындагы негизги эки көчөнүн курулушун эмне үчүн “Бета Группка” ишенип берген” деген суроо жаралат.

Нарындыктарды жүдөткөн "Бета Групп"

Ленин - кууш капчыгайда жайгашкан Нарын шаарын баштан аяк аралап өткөн негизги көчө. Калаадагы болгон мамлекеттик мекемелер ушул кан жолду бойлой жайгашып, коомдук транспорт өтөт. Андыктан бул көчөнүн салынып бүтпөй жатышы жалпы нарындыктарга ыңгайсыздык жаратты.

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Афтандил Молдоисаев "Азаттыкка" мындай деди:

"Нарындыктардын жашоосу дал ушул Ленин көчөсүндө өтөт. Бул жолду казып, жада калса четиндеги бактарды да кыйып салышкан. Көлөкө жок болуп жатат. Жол салып жаткан "Бета Группта" иштеген балдар компания маянаны аз төлөп, анын айынан жумушчу токтобой жатканын айтышат. Жыбыраган техникасы деле көрүнбөйт. Жыйынтыгында айдоочуларга, жөө жүргөндөргө деле жаман болду".

Чындыгында эле бир көчөнү бойлой жайгашкан нарындыктарды жол курулушунун жай жүрүшү бир топ жүдөтүп салгандай.

Нарын шаарындагы Ленин көчөсү.
Нарын шаарындагы Ленин көчөсү.

Кыргызстандын Транспорт министрлиги 2024-жылы жылы сентябрь айында “Бета Групп” деген компания менен 844 млн. сомго келишим түзүп, Нарындагы эки көчөнүн курулушун тапшырган. Ошондо 2,3 чакырымга созулган Шералиев көчөсү 2024-жылы, ал эми узундугу 9,5 чакырымга жеткен Ленин көчөсү быйыл бүтмөк.

Канболот Тутуев.
Канболот Тутуев.

“Чынын айтканда “Бета Групптун” ишине жакшы деген баа бере албайм. Анткени жол курулушу аябай кечигип жатат. Камчыбек Кыдыршаевич келип кеткенде эле кыймылдап калышты. Эл бекеринен көтөрүлгөн жок да. Буларды аябай күтүштү. 2025-жылдын март айынан бери эле “Бета Группка” жолду тездетүү боюнча 10 жолу кат жибериптирбиз. Алар болсо "тездетип жатабыз" деген жооп келет. Бирок иш жүзүндө андай эмес".

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, нарындыктарды жүдөтүп жаткан “Бета Групп” компаниясынын ээси да, негиздөөчүсү да 30 жаштагы Тилек Боронбаев деген жаран. Боронбаев жөнүндө ачык булактарда эч кандай маалымат жок. Болгону 2024-жылы Dolg.kg деген баракчага Боронбаев ижарага техника берген жерден генератор алып кетип, убагында кайтарбай койгону, азыркыга чейин 10430 сом карыз экени жарыяланган.

Кыргызстандагы аласа-бересе боюнча маалыматтар жарыяланып турган Dolg.kg баракчасы.
Кыргызстандагы аласа-бересе боюнча маалыматтар жарыяланып турган Dolg.kg баракчасы.

Нарын шаарынын мэри, бул жолго тиешелүү адамдар да Тилек Боронбаевди тааныбай турганын айтып жатышат. Ушундан улам “Бета Групп” компаниясынын көмүскөдөгү же чыныгы ээси такыр башка адам деп айтууга негиз бар.

"Тилек Боронбаев деген кишини көргөн жокпуз. Бизге "Бета Групптан" кат Боронбаев дегендин атынан келип түшүп жатат. Бирок мен ал кишини тааныбайт экенмин. Иш жүзүндө бул жакта Мирлан Амантуров жүрөт".

Биз курулуштан кабары бар бир нече кызмат адамдары менен сүйлөштүк. Алар бир ооздон "Бета Групптун" иштерин толугу менен Мирлан Амантуров чече турганын айтып жатат. Мындан тышкары Тилек Боронбаев колдонуп жүргөн телефон номурду Getcontact тиркемеси аркылуу текшерсек, бир нече адам Тилек Боронбаевди "Тилек Меади", "Тилек Мирлан Казылаевич" деп сактаганы билинди. "Меади" деген Мирлан Амантуровго тиешелүү жол салган компания.

Ушундан улам Нарындагы жолдун курулушуна жооптуу "Бета Групптун" чыныгы ээси Мирлан Амантуров деп ишенимдүү айта алабыз.

Эки жолу камалып чыккан Амантуров

Мирлан Амантуровду кыргызстандыктар, өзгөчө жолчулар жакшы тааныйт. Ал 2007-жылдан тарта “Бишкекасфальтсервис” ишканасын жетектеп, андан кийин бир жыл Бишкектин вице-мэри болгон. 2020-жылы жолдогу коррупцияга шектелип, камакка да алынган. Тергөө материалдарында Мирлан Амантуров мамлекетке 25 млн. 203 миң 700 сом зыян келтиргени жазылган. Ушул сумманы казынага төгүп бергенден кийин абактан чыккан эле.

2025-жылы май айында Мирлан Амантуров кайра камалган. Мурдагы вице-мэр бул жолкусунда “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча айыпталган. Чүй облустук милициясы Амантуров Лебединовкадагы соода-логистикалык жайдын жолун жасап берем деп бирөөнүн 90 миллион сомдук мүлкүн менчиктеп алганын билдирген.

Ошондо милиция мындай маалымат тараткан:

“Тергөөнүн жүрүшүндө А.М ишкердик милдеттенмелерине жамынып алып, жабырлануучудан кыймылсыз мүлктү, автоунааларды алып, кийин сатып жана жеке максаттарына пайдаланганы аныкталган. Ишти создуктурууга жана токтотууга бир нече жолу аракеттер көрүлгөнүнө карабастан, 2025-жылдын 15-майында тергөө иштери улантылып, ошол эле күнү кылмышка шектүү А.М. кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”.

Амантуров экинчи жолу камалган учурда ага тиешелүү “Бета Групп” компаниясы Нарындагы жолду куруп жаткан. Бишкектин мурдагы вице-мэри бул жолу да бат эле абактан чыккан.

Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №1 жол куруу башкармалыгынын директору Ренат Абдраимов Амантуров камалганда сарсанаа болушканын айтты:

"Өткөндө Мирлан Амантуров камалганда сарсанаа болдук. Аны чакырып, түшүндүрмө да сурадык. Бирок ал бизге тиешеси жок, мурдагы иш менен камалган турбайбы", - деди Абдраимов.

Нарында жол салып жаткан “Бета Групп” компаниясын Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн кара тизмесине киргизген. Анткени мэрия 2023-жылы 18 жолду жана тротуарды капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн “Бета Групп” менен келишим түзүп, бирок аталган компания ишти толук бүткөргөн эмес.

Бишкек мэриясынын расмий сайтына жарыяланган маалымат.
Бишкек мэриясынын расмий сайтына жарыяланган маалымат.

Транспорт жана комуникациялар министрлиги Бишкек шаарындагы ишин толук бүтүрбөй жүргөн, жолдогу коррупциялык иштерге айыпталган Мирлан Амантуровго тиешелүү компанияга эмне үчүн Нарындагы негизги эки жолдун курулушун тапшырганы түшүнүксүз болуп турат.

Бул суроого Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №1 жол куруу башкармалыгынын директору Ренат Абдраимов мындай деп жооп берди:

"Бизде "Бета Групптун" Бишкек шаарындагы күмөндүү иштери, Мирлан Амантуровдун буга чейин камалганы боюнча маалымат жок болчу. Конкурс жарыяланганда "Бета Групп" эң төмөн бааны сунуштаган. Ошон үчүн ушул компания тандалган".

Биз Мирлан Амантуров менен байланыша алган жокпуз. Ал эми “Бета Групп” компаниясынын негиздөөчүсү делген Тилек Боронбаевди компаниянын юридикалык дареги катары көрсөтүлгөн Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен жолуктурдук.

"Бета Групп" компаниясы катталган Бакай-Ата жаңы конушундагы үй.
"Бета Групп" компаниясы катталган Бакай-Ата жаңы конушундагы үй.

Биз Тилек Боронбаев менен Камчыбек Ташиевдин Нарынга сапарынын эртеси жолуккандыктан ал чочулап калганы билинди. Ал бизге мындай маалымат берди:

"Нарында аткаруучу директор болуп Мирлан байке (Амантуров) иштеп жатат. Мен аны менен чогуу иштейм. Жолго бөлүнгөн каражаттын канчасы бизге бөлүнгөнүн так айта албайм. Компания мага катталган. Ал эми Бишкекте маселе болгону чын. Азыр ошол жолдорду тапшырып бүтүп калдык", - деди Боронбаев.

Нарын шаарынын тургундары маселелерин ыр менен айтып чыккандан кийин алгач Нарынга Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Азамат Кадыралиев, андан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү барган.

Ташиев Шералиев жана Ленин көчөсүн салып жаткан “Бета Групп” компаниясынын ишмердигин текшерип чыгууга тапшырма бергени да айтылды. Атайын кызмат жолдун курулушу, “Бета Групп” боюнча эмнени казып чыгары жана ушундай компанияга 844 млн. сомдук долбоорду ишенип берген жооптуу адамдарды жоопко тартар-тартпасы да белгисиз.

Бул окуялардан кийин “Бета Групп” Шералиев көчөсүн 10-августта, Ленин көчөсүн сентябрдын соңуна чейин ишке берерин убада кылган. Бирок жергиликтүү бийлик, шаар тургундары да ушундай шектүү адамдардын катыштыгы бар компаниянын убагында иш бүтүрөрүнөн күмөн санап турушат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG