Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:31

Венгрияда өкмөткө каршы ири марш өттү


ЛГБТ маршы. Будапешт, Венгрия. 28-июнь, 2025-жыл.
ЛГБТ маршы. Будапешт, Венгрия. 28-июнь, 2025-жыл.

Ишемби күнү он миңдеген адамдар Будапешттин көчөлөрүнө түстүү желектерди жана өкмөт башчысы Виктор Орбанды келекелеген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Reuters маалымдагандай, өкмөткө каршы массалык демонстрацияга айланган ЛГБТ маршы эң ири оппозициялык акция болуп калды.

Уюштуруучулар акцияга 180-200 миңдей киши катышканын билдирип, маршка 30 чакты өлкөдөн адамдар келгенин маалымдашты.

Маршка катышкандар арасында студенттер, шаардыктар жана айылдарда жашагандар чыгышканы кабарланды. Плакаттардын биринде "Баары эркин болмоюнча, эч ким эркин боло албайт" деген жазуу жазылып турду.

Марштын катышуучусу. Будапешт. 28-июнь, 2025-жыл
Марштын катышуучусу. Будапешт. 28-июнь, 2025-жыл

Мурдараак полиция ЛГБТ маршын өткөрүүнү тыюу тууралуу өкмөттүн буйругун аткарарын билдирген. Будапешттин мэри Гергей Карачонь марш уруксат алуу зарыл болбогон муниципалдык иш-чара катары өтөрүн билдирген.

"Бул жолу бутага сексуалдык азчылыктар алынды. Жарандар биринчи, экинчи сортко бөлүнбөшү керек, ошондуктан, биз бул иш-чараны колдоону чечтик", - деди Карачонь.

Марш учурунда айрым ультра оңчулдар аны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Бирок полиция аларды кууп таратып, коопсуздук үчүн марштын багытын өзгөрттү.

Быйыл март айында Венгриянын парламенти Будапештте жыл сайын өтүүчү ЛГБТ парадын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун колдогон. Мыйзам долбоору башкаруучу коалиция тарабынан сунушталган. Коалиция "балдарды коргоо" актысын бузган иш-чараларды өткөрүүнү тыюу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү сунуштаган. Бийлик марштын катышуучуларын адамды жүзүнөн таануучу система менен аныктай алышат. Мыйзамды бузгандарга айып пул салынат.

Орбандын өкмөтү "балдарды коргоо" актысын 2021-жылы кабыл алган. Анда улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктарды жактоо, "бачабаздык, трансгендерлик жана бисексуалдуулук" тууралуу маалыматтарды жайылтпоо камтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG