"Апрель" телеканалынын эмгек жамааты Телеграм-каналы аркылуу көрүүчүлөрүнө кайрылуу жасады. Алар июль айынан тартып, эмгек өргүүсүнө кетип жатышканын, бирок андан кийин телеканалдын иши токтошу ыктымалдыгын билдиришти.
"4-июлда Октябрь райондук соту прокуратуранын биздин редакцияны жаап, социалдык тармактардагы баракчаларыбызды бөгөттөө өтүнүчү боюнча чечим чыгарат. Биз буга чейин эле сот кандай гана чечим чыгарбасын, аткарыларын айтканбыз. 99% болжол менен сот чечими биздин пайдабызга чыкпайт. Ошондуктан, биз күчүбүздү башка тармакка сарптап, ошол жактан пайда келтирүүгө аракеттенебиз", - деп жазылган кайрылууда.
Быйыл апрель айында прокуратура "Апрель" телеканалынын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган. Буга каналдын материалдарында азыркы бийликке каршы терс пикирлер бар деген үч экспертиза себеп болгон.
2019-жылы "Апрель" Ички иштер министрлиги сот чечими менен "Медиа Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Каналдын юристтери "Апрелдин" мүлкүн камакка коюуну мыйзамсыз деп таануу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган эмес. "Апрель" каналы бир нече ай интернет-телеканал катары сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу иштеп, кийинчерээк "Санарип технологиялар" коомунун чечими менен эфирин жанданткан.(ZKo)
Шерине